Росатомдун башкы директору Лихачёв "Аккую" атомдук станциясындагы аземде сөз сүйлөдү

Кечээ президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин түз байланыш аркылуу катышкан Аккую атомдук станциясынын (NGS) биринчи өзөктүк отун жеткирүү аземи болгон.

1980546
Росатомдун башкы директору Лихачёв "Аккую" атомдук станциясындагы аземде сөз сүйлөдү

Орусиянын Атомдук энергия боюнча мамлекеттик агенттигинин (РОСАТОМ) башкы директору Алексей Лихачёв: «Дүйнөдөгү эң ири атомдук курулуш долбоорунун ийгилигине эпидемиялар же тышкы саясий кысымдар тоскоол боло алган жок»,- деди.

Лихачев кечээ президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин түз байланыш аркылуу катышкан Аккую атомдук станциясынын (NGS) биринчи өзөктүк отун жеткирүү аземинде, Орус-түрк кызматташтыгынын атомдук энергетика тармагындагы өнүгүүсүндө маанилүү күн болгонун айтты.

Жаңы атомдук отундун жеткирилиши менен Аккую станциясынын атомдук объектке айланарын жана Түркия Республикасынын «тынчтыкчыл атомдук өлкө» статусун ала турганын белгилеген Лихачев: «Кыйынчылыктарга карабастан бүгүнкү күндөргө өжөрлүк менен илгерилеп бара жатабыз. Дүйнөдөгү эң ири атомдук курулуш долбоорунун ийгилигине эпидемиялар же тышкы саясий кысымдар тоскоол боло алган жок. Бул ийгилик, мезгил-мезгили менен келип чыккан көйгөйлөрдү чебердик менен чечүүгө жардам берген эки өлкөнүн лидерлерине таандык»,-деп баа берди.

Түркиянын биринчи атомдук электр станциясынын курулушунун чыныгы биргелешкен долбоор экенине басым жасаган Лихачев сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Долбоорго 400дөн ашуун түрк фирмасы катышууда. Түркиянын учурда өзүнүн атомдук өнөр жайына ээ экенин айта алабыз. Топтолгон кызматташтык тажрыйбасы, бул өнөр жайдын потенциалын башка долбоорлордо да ишке ашырууга шарт түзөт.

Туруктуу өнүгүү принциптерине ылайык, биз иш алып барган аймактарга ар дайым активдүү катышабыз. Учурда Мерсиндеги негизги социалдык долбоорубуз Силифке атомдук кампусун куруу. Бул жерде жаңы турак жайлар, мейманкана, мектеп жана бала бакча жайгашат. Жергиликтүү ишкерлердин да көңүлүн бура турган бул кампус, шаар турмушунун өнүгүшүнө жаңы дем берет».

Ошондой эле Аккую станциясы үчүн кадрларды даярдоонун да уланганын, 300гө жакын адамдын Орусиянын университеттеринде атомдук кесип боюнча жогорку билим алып жатканын билдирди.

Лихачев Түркияда курган атомдук станциянын өмүрүнүн 100 жылдан кем болбой турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар