Мустафа Шентоп Казакстан парламентинин спикери Ерлан Кошанов менен жолугушту

Шентоп менен Кошанов жолугушуудан кийин Түркия Улуу Улуттук Парламенти жана Казакстан парламентинин ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюшту.

1980739
Мустафа Шентоп Казакстан парламентинин спикери Ерлан Кошанов менен жолугушту
şentop koşanov1.jpg

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп Казакстан парламентинин спикери Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Шентоп Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) 12- жыйынынан улам Түркияга келген казак парламентинин төрагасы Кошанов жана аны коштогон делегация менен Президенттик Кеңештин жыйындар залында жолугушту.

Шентоп менен Кошанов жолугушуудан кийин Түркия Улуу Улуттук Парламенти жана Казакстан парламентинин ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюшту.

Жолугушууда Казакстанда  19 -  мартта болгон парламенттик шайлоодон улам Кошановду куттуктаган Шентоп  Казакстан парламентинде жаңы мезгилде ийгилик каалады.

Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдө Казакстандын көрсөткөн колдоосунан улам ыраазычылык билдирген Шентоп : «Кыйын учурда боордошторубуздун жаныбызда экендигин билүү биз үчүн чоң күч болду»,- деди.

Эки тараптуу карым  - катнаштар жана аймактык  маселелер да каралган жолугушууда Шентоп : «Казакстандын туруктуулугу түрк дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ. Казакстандын Түрк мамлекеттер уюмунун мекемелешмесинде жол башчы ролу бар»,- деди.

Шентоп парламенттер арасында кол коюлган кызматташуу протоколунун эки өлкөнүн парламентинин ортосундагы достук жана боордоштукту  бекемдөөнүн жана орток эрктин көрсөткүчү экенин айтты.

Казакстан парламентинин спикери Ерлан Кошанов да парламенттин спикери болуп шайлангандан кийин биринчи өлкө тышы сапарын Түркияга жасагандыгын, мунун символдук мааниге ээ экендигин белгиледи.

Кошанов Түркиянын жүргүзгөн тышкы саясатты жакындан байкашкандарын айтып, Түркиянын Россия  -  Украина согушу тууралуу ортомчулук  ролунун маанисин баса белгиледи.

Ошол эле учурда борбор шаар Анкарада Түркия  -  Казакстан Достук паркынын ачылышында да сөз сүйлөгөн Шентоп : «Бүгүн болгондой эле келечекте да Түркия менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштарда керек болсо көз карандысыз түрк мамлекеттеринин ортосундагы көп тараптуу карым  - канаштарда боордоштук, кызматташтык жана тилектештик эркибизди ортого салууну улантабыз»,- деди.

Эки өлкөнүн президенттеринин мамлекеттерди орток максатта жана багытта бирдикте алдыга жылдыруу үчүн эрктерин ачыкча бидиргендерин айткан Шентоп : «Энергетика жана коргонуу сыяктуу тармактарда түзгөн кызматташуу, өлкөлөрүбүздүн толук көз карандысыздыгына күч кошууда»,- деди.



Тектеш кабарлар