Эрдоган Путин менен сүйлөшүү өткөрдү

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө, Түркия-Орусия карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

1980320
Эрдоган Путин менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө, Түркия-Орусия карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө бүгүн Биринчи атомдук отун жеткирүү аземи боло турган Аккую атомдук станциясына кошкон салымы үчүн Орусиянын президенти Путинге ыраазычылык билдирди.

Орусия-Украина согушундагы абалдар жана дан келишими боюнча иш-аракеттер да талкууланган сүйлөшүүдө президент Эрдоган, сунуш кылынган жумушчу топ аркылуу жаңы демилгелердин үстүндө иштөөгө болорун маалымдады.

Сүйлөшүүдө Сириядагы окуялар да каралды.

Ошол эле учурда Орусиянын президенти Путин да президент Эрдоганга жакшы каалоолорун айтты.



Тектеш кабарлар