Эрдоган бир күндүк эс алууга чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган дарыгерлердин кеңеши менен бүгүнкү программаларын токтотуп үйдө эс аларын билдирди.

1979761
Эрдоган бир күндүк эс алууга чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган дарыгерлердин кеңеши менен бүгүнкү программаларын токтотуп үйдө эс аларын билдирди.

Соцтармактан салматтыгы тууралуу маалымат берген Эрдоган иштеринин көптүгүнөн кечээ телекөрсөтүү учурунда бир аз ноокастоосунан улам жакшы тилектерин билдирген, дуа кылган бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Эрдоган буларды айтты : «Бүгүн дарыгерлердин кеңеши менен үйдө эс аламын. Кырыккалелик, йозгатлык жана сивастык бир туугандарым менен тилекке каршы бүгүн жолугуша албаймын. Менин ордума Кырыккале, Йозгат жана Сивас программаларын вице  - президент Фуат Октай катышат. Буюрса эртеңден баштап программаларыбызды улантабыз. Элибизди Түркия кылымынын максаттарына жеткирүү үчүн  ишибизди улантабыз. Бардык жарандарыма ден соолук, тынчтык калаймын».



Тектеш кабарлар