Чавушоглу: «Түрк Мамлекеттер Уюму кыял болчу, чындыкка айланды»

Чавушоглу 2009-жылы негизделүүсүнө өбөлгө болгон Түрк Кеңешин 2021-жылдагы Стамбул саммитинде Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) айландырышкандарын айтты.

1979496
Чавушоглу: «Түрк Мамлекеттер Уюму кыял болчу, чындыкка айланды»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу социалдык медиа эсебинен: «Түрк Мамлекеттер Уюму кыял болчу, чындыкка айланды»,-деп бөлүштү.

Министр Чавушоглу, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) өнүгүү процесси жана ага карата баалоолорун Твиттер эсебинен «Түрк Мамлекеттеринин Уюму (ТМУ), биздин ишкердик, гуманитардык жана эффективдүү тышкы саясатыбыз» деген билдирүү менен бөлүштү.

Чавушоглу 2009-жылы негизделүүсүнө өбөлгө болгон Түрк Кеңешин 2021-жылдагы Стамбул саммитинде Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) айландырышкандарын айтты.

Министр Чавушоглу Өзбекстандын толук мүчө болушу, Венгрия менен Түркмөнстандын байкоочу мүчө болушу менен үй-бүлө кеңешин дагы да кеңейткендерин баса белгиледи.

Түркиянын 2022-жылдагы төрагалыгында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) конституциялык аталышы жана желеги менен ТМУнун байкоочу мүчөсү болгонун эске салган Чавушоглу: «ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Эл аралык Түрк Академиясы жана Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондун ТМУнун чатыры астында чогулттук»,-деп өз баалоосун жасады.

Уюмдун ичинде башкы кеңсеси Стамбулда болгон Түрк инвестиция фондун түзүшкөндөрүн белгилеген Чавушоглу: «Улуу державалардын атаандашуусу ылдамдаган учурда тамырыбыз жайылган чөлкөмүбүз менен карым-катнаштарыбызды дагы да тереңдетебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар