Байрактар ТБ2 дагы бир өлкөгө экспорттолот

Байкардын башкы директору Халук Байрактар ​​Байрактар ​​TБ2дин Румынияга экспорттолорун жарыялады.

1979815
Байрактар ТБ2 дагы бир өлкөгө экспорттолот

Куралсыз учкучсуз учуучу аппарат  Байрактар TБ2 дагы бир өлкөгө экспорттолот.

Байкардын башкы директору Халук Байрактар ​​Байрактар ​​TБ2дин Румынияга экспорттолорун жарыялады.

Халук Байрактар ​​Твиттердеги билдирүүсүндө : "Көп жылдык достук жана өз ара ишенимге негизделген бекем байланыштарыбыз бар Румыния жогорку технологиялуу #Байрактар ТБ2 куралсыз учкучсуз учуучу аппаратын инвентаризациялаган өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. #Байрактар ТБ2 үчүн 28 өлкө менен экспорттук келишимге кол койдук. Байкар катары Румыния менен бирге Европа Биримдигине мүчө 2 өлкөгө,  НАТОго мүчө 3 өлкөгө экспорт жасоо менен сыймыктанабыз. #Улуттук ТехнологияКыймылы өлкөбүздүн  дос жана боордош өлкөлөрдүн да толук көз карандысыздыгынын эң күчтүү кепилдиги. Бул экспорт менен Түркия жана Румыниянын ортосундагы байланыштар дагы да күчөйт. Орток келечегибиз үчүн биргелешип иштөөнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар