TCG Анадолу Сарайбурну портуна кайтып барды

Босфордон өтүп бара жатканда президент Режеп Таййип Эрдоганга да салам берген TCG Anadoluдан 21 жолу замбирек атылды.

1978506
TCG Анадолу Сарайбурну портуна кайтып барды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ата мекендик жана улуттук өндүрүштөгү эң чоң аскердик кемеси TCG Анадолу Босфор кысыгынан өтүүсүн аяктаган соң кечинде Сарайбурну портуна кайтты.

10-апрелде Түрк деңиз флотунун кызматына алынган жана 17-апрелден бери зыяратчыларга ачык болгон Сарайбурнудан кечээ эртең менен жол тарткан кемеге жарандар чоң кызыгуу көрсөтүштү.

23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынан улам Босфор кысыгынан өткөн кеме элге салам берди.

Босфордон өтүп бара жатканда президент Режеп Таййип Эрдоганга да салам берген TCG Anadoluдан 21 жолу замбирек атылды.

Аба күчтөрүнүн командирлигине караштуу учактар ​​жана тик учактар ​​да кемени коштоп жүрүштү.

Эртең менен Стамбулдан жолго чыккан TCG Анадолу Босфордон өткөндөн кийин кечинде Сарайбурнуга кайтты.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында: «Улутубуздун сыймыгы TCG Анадолу эртеңден баштап кайрадан Сарайбурнуда элибиздин зыяратына ачык болот»,-деп билдирилди.



Тектеш кабарлар