Стамбул аэропорту рекорд жаңыртты

20-апрелден 23-апрелге чейин жалпы 5 миң 822 каттам ишке ашып, Стамбул аэропортунан жалпы 880 миң 610 жүргүнчү саякатка чыкты.

1978851
Стамбул аэропорту рекорд жаңыртты

Стамбул аэропорту күнүмдүк каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн саны боюнча рекорд койду.

Стамбул аэропортунун оператору ИГАнын билдирүүсүнө караганда, акыркы жолу 19-апрель шаршемби күнү 1460 каттам менен 208 миң 66 жүргүнчүнү тейлеген Стамбул аэропортунда кечээ 1548 каттам менен жалпы 224 миң 709 жүргүнчү саякат кылды.

Бейшемби күнү 2023-жылдын 20-апрелинде Орозо айт майрамынын алдында жалпысынан 1460 рейс аткарылып, Стамбул аэропортунан 216 миң 995 киши сапар алды.

Орозо айттын биринчи күнүндө жалпысынан 1390 каттам жүргүзүлгөн аэропортту 201 миң 47 киши колдонду.

Майрамдын экинчи күнүндө 1424 каттам менен 217 миң 859 жүргүнчүнү кабыл алган Стамбул аэропорту 23-апрель жекшемби күнү 1548 каттам менен 224 миң 709 жүргүнчүнү тейледи.

Кечээки бул көрсөткүчтөр менен бирге Стамбул аэропорту ачылгандан бери эң көп күнүмдүк каттам жана жүргүнчү санына жетти.

Буга ылайык, 20-апрелден 23-апрелге чейин жалпы 5 миң 822 каттам ишке ашып, Стамбул аэропортунан жалпы 880 миң 610 жүргүнчү саякатка чыкты.



Тектеш кабарлар