Шентоп Украина парламентинин төрагасы менен жолугушту
Шентоп Европа Биримдиги (ЕБ) Парламент төрагалары саммитине катышуу үчүн барган Чехиянын борбор шаары Прагада Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчук менен делегациялар арасында жолугушуу өткөрдү.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Орусия-Украина согушунун дагы көп жоготууга, кыйроого жана зыянга учуратууга жол бербестен, мүмкүн болушунча тез арада аймак үчүн туруктуу тынчтык жана Украина үчүн адилеттүү тынчтык менен аякташын үмүт кылгандарын айтты.
Шентоп Европа Биримдиги (ЕБ) Парламент төрагалары саммитине катышуу үчүн барган Чехиянын борбор шаары Прагада Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчук менен делегациялар арасында жолугушуу өткөрдү.
Прага Конгресс борборунда басма сөзгө жабык өткөн жолугушууга байланыштуу алынган маалыматка караганда, Шентоп:«Түркия катары биз Украинанын эл аралык таанылган чек араларындагы көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн катуу колдойбуз.
Бул адилеттүү күрөштө Украинага колдоо көрсөтүүбүз алдыдагы мезгилде да уланат. Түркиянын бул саясаты Крымдын аннексиясынан бери уланткан саясаты»,-деди.
Түркиянын мамилесинин кээ бир батыш өлкөлөрүнөн айырмаланганын билдирген Шентоп, Түркиянын согуштун башталышынан бери эл аралык укукка негизделген адилеттүү дипломатиялык чечим үчүн аракет кылып жатканын эске салды.
Мустафа Шентоп:«Чечим үчүн сүйлөшүүлөр азырынча алыстай көрүнгөнү менен, дипломатиялык аракеттердин натыйжа берээрин көрсөтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик»,-деди.
Украинанын дан эгиндерин тышкы рынокко ачууну көздөгөн дан коридору процессине токтолгон Шентоп, алардын приоритеттери бул демилгенин үзгүлтүксүз ишке ашырылышы экенин белгиледи.
Түркиянын кээ бир Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып согуштун уланышын каалабаганын баса белгилеген Шентоп: «Бул согуштан эч ким утушка ээ боло албайт деп ойлойбуз, тескерисинче, бул согушта адамдар утулат. Ошондуктан Түркиянын приоритеттеринин бири бул согушту сүйлөшүү жана дипломатия жолу менен тез арада бүтүрүү болот»,-деп айтты.
Шентоп Түркиянын тынчтыкка карай аракеттерин улантууга аракет кыла турганын айтып: «Биздин үмүтүбүз согуш дагы көп адамдардын өлүмүнө, кыйроолоруна жана зыянына алып келбестен, мүмкүн болушунча тезирээк биздин аймак үчүн туруктуу тынчтык жана Украина үчүн адилеттүү тынчтык менен аяктоосу. Бул алкакта биз тынчтыкты орнотууга карата тең салмактуу жана активдүү мамилени улантабыз»,-деп өз сөздөрүн айтты.
Шентоп Стефанчукту 4-5-майда борбор калаа Анкарада өтө турган Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын Башкы жыйынына жана 30-жыл Парламент төрагалары саммитине чакырды.
Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчук да Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык формуласына көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.
Стефанчук 6-февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн улам кайгысын да бөлүштү.
Мустафа Шентоп жер титирөөдөн кийин Украинага жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.