Эрдоган Гемликте элге кайрылуу жасады
Президент Эрдоган Кара деңиз газына байланыштуу: «Резервдик наркы 500 миллиард доллардан 1 триллион долларга чейин эсептелген бул газдын өлкөбүзгө бере турган кирешеси менен келечегибизге инвестиция салабыз»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кара деңиз газынын Түркияга бере турган кирешеси менен келечекке инвестиция сала тургандарын айтты.
Эрдоган Бурса Гемликте коомчулукка кайрылуу жасады.
Президент Эрдоган Кара деңиз газына байланыштуу: «Резервдик наркы 500 миллиард доллардан 1 триллион долларга чейин эсептелген бул газдын өлкөбүзгө бере турган кирешеси менен келечегибизге инвестиция салабыз»,-деди.
Эрдоган өз сөзүндө: «Өлкөбүздүн өнөр жайын, айыл-чарбасын, энергетикасын жана инфраструктурасын кеңейтпестен дасторконубузга койгон нандын көлөмүн чоңойто албайбыз. Түркия кылымы менен мына ушуну ишке ашырабыз»,-деп билдирди.
Эрдоган Гемликтеги дагы бир сөзүндө: «Түркияны электр унаалары менен бирге заряддоо жана батарейка технологияларында да Европанын өндүрүш базасы кылууну максат кылуудабыз»,-деди.
Президент Эрдоган: «Ата мекендик жана улуттук унааларыбыздын жолдорго чыгышы менен өлкөбүз дүйнөнүн эң мыктылары менен атаандаша ала турган унаа жана брендге ээ болду. Toggдун Гемликтеги ишканаларында үч мүнөт сайын бир унаа өндүрүлүүдө»,-деп айтты.
Эрдоган: «Биз быйыл 28 миң даана, 2030-жылга чейин да жалпысынан 1 миллион Toggду ээлерине тапшырууну максат кылуудабыз. 2025-жылдан баштап Toggду экспорттойбуз жана аны бүт дүйнөгө сатабыз»,-деди.