Чавушоглу Байдендин билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү

АКШнын президенти Байден 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө «геноцид» терминин колдонгон.

1978750
Чавушоглу Байдендин билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

Чавушоглу социалдык тармактагы бөлүшүүсүндө: «Тарыхты бурмалоого аракет кылган саясий жалганчылар кайрадан пайда болушту! Саясий билдирүүлөр менен тарыхты кайра жазуу мүмкүн эмес. Мындай мамиледе көшөргөн оппортунисттер өздөрүнүн кара ниет максаттары жана эки жүздүүлүгү менен эсте калат. Улуу түрк элине эч ким тарых сабагын бере албайт»,-деди.

АКШнын президенти Байден 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтары темасындагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө «геноцид» терминин колдонгон.



Тектеш кабарлар