Эрдогандан шаардык трансформация тууралуу бөлүшүү

Видеодо Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөлөрдүн шаар трансформациясынын канчалык маанилүү экенин апачык көрсөткөнүнө көңүл бурулду.

1978157
Эрдогандан шаардык трансформация тууралуу бөлүшүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен шаар трансформациясы тууралуу видео бөлүштү.

Президент Эрдоган өз билдирүүсүндө: «Биз өлкөбүздүн бардык жеринде, өзгөчө жер титирөөдөн эң көп жабыркаган провинцияларда баштаган шаарды трансформациялоо иш-аракети менен жарандарыбызды жаңы коопсуз жана бейпил үйлөрүнө жеткирүү үчүн тынымсыз иштөөнү улантабыз,-деп айтты.

Бул билдирүү менен бөлүшүлгөн видеодо Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөлөрдүн шаар трансформациясынын канчалык маанилүү экенин апачык көрсөткөнүнө көңүл бурулду.

«Биз курган имараттарда жана шаар куруу пландарында бардык табигый кырсыктарга, өзгөчө жер титирөөлөргө каршы чара көрдүк. Булардан тышкары плансыз урбанизациядан келип чыккан көптөгөн көйгөйлөрдү да жойдук. Жер титирөөлөрдө биз курган бир дагы үй кулаган жок жана алардын баары бекем бойдон турат»,-деп баа берген видеодо 2022-жылы шаарды трансформациялоо алкагында 8 миллиард 487 миллион лира сарпталганы, бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашуун үй жарандарга берилгени белгиленди.

«Шаардын трансформациясы жер титирөө болгон өлкөбүздө сөзсүз керек. Шаарды трансформациялоо аймакта жашаган адамдардын өмүрүн жана мүлкүн жоготууга жол бербестен, аймактын инвестициясына жана өнүгүшүнө салым кошот»,-деп эскертилген видеодо жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн 650 миң үйдүн курулуш иштери башталганын жана бир жыл ичинде 365 миң үй жарандарга тапшырыла турганы айтылды.



Тектеш кабарлар