БУУда табигый кырсыктарда гуманитардык дипломатия панели өттү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун панелге видео кайрылуу жөнөттү.

1977564
БУУда табигый кырсыктарда гуманитардык дипломатия панели өттү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Бириккен Улуттар Уюмунда өткөрүлгөн панелде табигый кырсыктарда гуманитардык дипломатиянын маанисине токтолду.

БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесинде өткөрүлгөн панелге Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Седат Өнал, БУУнун гуманитардык иштер координация кеңсесинин (OCHA) Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка операциясынын директору Гада Элтахир Мудави жана көптөгөн жетекчилер катышты.

Панелде 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөр жана андан кийинки гуманитардык жардамдар тууралуу видео көрсөтүлдү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун панелге видео кайрылуу жөнөттү.

Бул апааттын адам өлүмү жана кыйроонун чоңдугунан улам «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөнүн белгилеген Алтун : «Эч бир өлкө оңой менен даяр боло албаган жана эч бир мамлекет жалгыз күрөшө албаган бул чоң апааттын алдында болуп көрбөгөндөй мамлекет-улут тилектештиги көрсөтүлдү»,-  деди.

БУУ, НАТО жана көптөгөн эл аралык уюмдардын Түркияга жардам бергендигин белгилеген Алтун шериктештердин колдоосу Түркия үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Түркиянын дүйнөнүн төрт тарабынан жардам берген өлкө катары келген жардам талаптарын ыраазычылык менен кабыл алгандыгын белгилеген Алтун сөздөрүнө буларды кошумчалады : «Кылымдын жаралары айыгууну улантуу менен Түркия Республикасынын Коммуникация төрагалыгы катары уюштурган бул программа менен мүмкүн болгон табигый кырсыктар же гуманитардык кризистер учурунда жардам берүүнүн жана тилектештиктин маанисин дагы бир жолу баса белгилегибиз келди".

БУУнун Гуманитардык иштер координация кеңсесинин  Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка операциясынын директору Мудави да жер титирөөдөн кийин Кахраманмараш, Хатай жана Газиантепке барганын белгилеп : «26 жылдан бери согуш жүрүп жаткан аймактарда иштейм, мындай кыйроону көргөн эмесмин. Жүрөгүм чыдай алган жок. Түрк элине тилектештикти көрсөтүп, колдообузду улантабыз",- деди.



Тектеш кабарлар