Эрдоган: «20-апрелде Кара деңиз газы тууралуу сүйүнчүлөйбүз»
Эрдоган Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (ТРТ) кечээки биргелешкен көрсөтүүсүндө күн тартибине баа берип, суроолорго жооп берди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 20-апрелде Кара деңиз газы тууралуу сүйүнчүлөй тургандарын айтты.
Эрдоган Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (ТРТ) кечээки биргелешкен көрсөтүүсүндө күн тартибине баа берип, суроолорго жооп берди.
Президент Эрдоган Кара деңиз газынын биринчи фазасынын Зонгулдактагы Фильосто ишке бериле турганын, Сакария газ талаасынын чалгындоодон биринчи өндүрүшкө чейинки дүйнөнүн эң ылдам деңиз кенин иштетүү долбоору экенин түшүндүрдү.
16-апрелде скважиналардагы клапандар ачылып, деңиздин астындагы негизги өткөргүч линиясына газ бериле баштаганын эске салган Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты: «Үч жылдын ичинде бул кендеги өндүрүштү 40 миллион куб метрге жеткиребиз. Экинчи фазасы аяктаганда бардык үйлөрдүн газга болгон муктаждыгын камсыздай турган деңгээлге жетебиз жана бул жерде жаңы ачылыштарга да даярдыктарды көрүп жатабыз. Борбордук Кара деңизде сейсмикалык изилдөөлөр аяктады.Сейсмикалык изилдөөлөр уланууда. Чыгыш Кара деңизде сейсмикалык изилдөөлөр уланууда. Бургулоо иштери сейсмикалык изилдөөлөрдөн кийин башталат. Батыш Кара деңиз аймагындагы ачылыш аймактын потенциалынын жогору экенин көрсөтүүдө».
Президент Эрдоган Аккую атомдук станциясына байланыштуу: «27-апрелде Аккую АЭСине жаңы отун алып келүү аземин өткөрөбүз. Жаңы отундун аянтына киргизилиши менен Аккую өзөктүк объект статусуна ээ болот. Аземге (Россия президенти Владимир) Путин мырза дагы видеоконференция аркылуу катышат. Өлкөбүздүн электр энергиясынын 10 пайызы ушул станциядан камсыздалат. Экономикага 6,5 миллиард доллар салым кошо турган Аккую, 7 миллиард куб метр жаратылыш газынын импортунун да алдын алат»,-деди.
Түркиянын дүйнөнүн эң маанилүү өзөктүк державаларынын бири болоорун баса белгилеген Эрдоган, Түркия кылымы бир эле убакта энергетика кылымы да болоорун айтты.
Тектеш кабарлар

Мавлид түнү эртең белгиленет
Мавлид-и Неби жумалыгы быйыл «Пайгамбарыбыз, ыйман жана багыт» темасы менен өткөрүлөт.