Байрактар Кызылелма биринчи учушун ийгликтүү аткарды

Түркиянын алгачкы учкучсуз аскердик учагы Байрактар Кызылелма конуу шассиси менен биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады.

1977035
Байрактар Кызылелма биринчи учушун ийгликтүү аткарды

Түркиянын алгачкы учкучсуз аскердик учагы Байрактар Кызылелма конуу шассиси менен биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады.

Машина өндүрүү жана коргонуу фирмасы Байкардын билдирүүсүнө караганда, жогорку ылдамдыкка чыгуу менен аткарылган системаны аныктоо сынагында Байрактар Кызылелма биринчи жолу жогорку ылдамдыкта жасалган маневр сыноолорун ийгиликтүү аяктады.

Түркиянын биринчи учкучсуз аскердик учагы   кечээ Текирдагдын Чорлу шаарында жайгашкан AKINCI учуу боюнча машыгуу жана сыноо борборунда жогорку ылдамдыкта биринчи жолу конуу шассиси жабык ишке ашырган  системаны аныктоо жана маневр сыноолорун ийгиликтүү ишке ашырды.

Улуттук учкучсуз аскердик учагы сыноонун негизинде аянттын үстүнөн төмөндөн жогорку ылдамдык менен өттү.

Берилген маалыматка караганда ушул кезге чейин эки  прототиби ийгиликтүү өндүрүлгөн Байрактар ​​Кызылелманы өнүктүрүү жана өндүрүш иштери уланууда.

Улуттук учкучсуз аскердик учактын 2024 -  жылы массалык өндүрүшкө өтүшү пландалууда.

Байрактар Кызылелма  аба  - жер миссиялары менен  жасалма интеллект жөндөмү  менен аба  - аба согушун аткарат, аз радар кесилиши менен  аз көрүнүү менен Түркия үчүн көбөйтүүчү болот.

Кыска аянттуу кемелерден учуп  - конуу жөндөмдүүлүгү менен согуш аянтында төңкөрүш кыла турган бир платформа боло турган Байрактар Кызылелма бул жөндөмдүүлүгү менен өлкө тышы миссияларда маанилүү роль алып Көгүлтүр мекенди коргоодо стратегиялык милдетти аткарат.

 



Тектеш кабарлар