Хулуси Акар : Жок кылынган террорист саны 12

Министр Акар Кайсеридеги билдирүүсүндө түрк аскерлеринин «террорду булагында жок кылуу» стратегиясы менен террорго каршы күрөшүн улантып жатканын баса белгиледи.

1976350
Хулуси Акар : Жок кылынган террорист саны 12

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын түндүгүндөгү база аймактарына жасалган кол салуудан кийин жүргүзүлгөн операцияларда жок кылынган террористтердин саны 12ге жеткенин жарыялады.

Министр Акар Кайсеридеги билдирүүсүндө түрк аскерлеринин «террорду булагында жок кылуу» стратегиясы менен террорго каршы күрөшүн улантып жатканын баса белгиледи.

Улуттук коргоо министри Акар Сириянын түндүгүндө террористтер түзүүнү каалаган «террор коридорунун» Мехметчиктин жардырып,  террористтердин казылган чуңкурларына көмүлгөнүн айтты.

Сириянын түндүгүндө кечээ болгон кол салууну эске салган Акар : «Мехметчик дароо жооп кайтарды. Алынган маалыматка караганда «»Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы аймактарында да 12 террорист жок кылынды. Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантабыз".

Бир тараптан Акар Мехметчиктин Ирактын түндүгүндө Зап аймагындагы «чеп» деп аталган жана «жетилгис» деп мүнөздөлгөн Чемчо аттуу үңкүргө киргенин, көп сандаган курал-жарак жана ок-дарыларды колго түшүргөндүгүн айтты.

Акар : "Мехметчик террористтер "жетүүгө мүмкүн эмес" деген жерлерге кирүүнү, "чыгууга болбойт" деген жерлерге барууну улантууда. Террор уяларын жана лагерлерин жок кылууда. Мехметчик кечээ Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында террористтер Чемчо деп атаган, "чеп" катары көргөн, "өтүлгүс" деп мүнөздөгөн  үңкүргө кирди.  Көп сандаган курал жана ок-дарылар колго түшүрүлдү»,- деди. 

Түркиянын Ирак жана Сирия баш болгон бардык кошуналарынын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендик укуктарын сыйлаганын белгилеген Акар, чек араларынын жана жарандарынын коопсуздугун түзүүнүн  маанисине басым жасады.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар