Ванда 2 террорист жок кылынды

Вандын Эржиш районуна караштуу Янкытепе айылынын айыл аймагында учкучсуз учуучу аппарат менен жүргүзүлгөн чалгындоо/көзөмөлдөө иштеринде эки террорист аныкталды.

1975546
Ванда 2 террорист жок кылынды

Вандын Эржиш районунун элет жеринде чыккан кагылышууда террорчулук боюнча издөөдө жүргөн 1и көк категориядагы 2 ПКК террористи жок кылынды.

Вандын Эржиш районуна караштуу Янкытепе айылынын айыл аймагында учкучсуз учуучу аппарат менен жүргүзүлгөн чалгындоо/көзөмөлдөө иштеринде эки террорист аныкталды.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан бүгүн эртең менен ПКК/КЖК террордук уюмунун мүчөлөрү жайгашкан үйгө жүргүзүлгөн операцияда чыккан кагылышууда ПКК/КЖКнын 2 мүчөсү жок кылынды.

Таасирисиз кылынгандардын бири Ички иштер министрлиги тарабынан террордук издөөгө алынгандардын тизмесинде көк категорияда болгон «Хежар Роня Серхат» каймана аттуу Севилай Акйылдырым экени аныкталды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да социалдык медиа эсебинен террористтердин жок кылынганын жарыялап: «2023-жылдын 29-октябрында Түркиянын тоолорунда бир дагы террористти калтырбайбыз... Полиция чалгындоо директорлугубузду жана Ван полициябызды куттуктайбыз»,-деп жазды.

 



Тектеш кабарлар