Чавушоглу: «Бир эле Түркия эмес, Түрк дүйнөсү да күчтүү болушу керек»

Мевлүт Чавушоглу Антальянын Дөшемалти районунда катышкан ифтар программасында сөз сүйлөдү.

1975550
Чавушоглу: «Бир эле Түркия эмес, Түрк дүйнөсү да күчтүү болушу керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын башкалардын пландарына жана сценарийлерине туура келген өлкө эмес экенин, өз оюнун курганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Антальянын Дөшемалты районунда катышкан ифтар программасында сөз сүйлөдү.

6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн аракет кылып жаткандарын баса белгилеген Чавушоглу:«Биз күчтүү мамлекетпиз жана элбиз. Муну да жеңебиз. Шаарларыбызды жандандыруу үчүн дагы күчтүү структураларды куруу боюнча ишибизди улантып жатабыз»,-деди.

Чавушоглу дүйнөлүк согуштардын көбүнүн Түркияга жакын аймактарда болгонун, Түркиянын аймактагы көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн аракет кылганын белгиледи.

Түркиянын ырааттуулугунун согуштардын жана кризистердин кесепеттерин азайтуу үчүн маанилүү экенин белгилеген Чавушоглу: «Өлкөбүздү 20 жылда жакшы абалга алып келдик. Күч күрөшүндө жана жарышында Түркия борбордо болушу керек. Кудум эле биз бүгүнкү күндө энергетика менен дипломатиянын борборунда болгонубуздай»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри:«Биз өлкөбүздү бардык тармакта алдыңкы сапта кармайбыз. Биз башкалардын оюндарына, башкалар түзгөн сценарийге баш ийген өлкө эмеспиз, өзүбүздүн оюнубузду курабыз. Дасторконду өзүбүз жайып, каалабаган дасторконду бузабыз. Биз талаага да түшүп жатабыз, дасторкондо да күчтүүбүз, залда да күчтүүбүз. Бир эле Түркия эмес, Түрк дүйнөсү да күчтүү болушу керек. Азербайжан тарттырып ийген жерлерин кайтарып ала алды. Түрктөрдүн күчүн көрсөттү. Түрк дүйнөсүн бир чатырдын астында чогулттук»,-деди.



Тектеш кабарлар