Ички иштер министри Сүлейман Сойлу террор менен ийгиликтүү күрөшкө токтолду

Сойлу террордон тазаланган аймактардан эми мунай чыгарылып, экономикага салымын кошкондугун айтты.

1975357
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу террор менен ийгиликтүү күрөшкө токтолду

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу террордук уюм ПККны өлкөнүн ичинен жок кылгандарын жана  кайра өлкөгө киргизбей тургандарын айтты.

Сойлу Стамбулда катышкан программада террор менен ийгиликтүү күрөшкө токтолду.

Өткөн күндөрдө Түркиянын саясий ырааттуулугу көптөгөн жолу   талкаланганын белгилеген Сойлу, террордук окуяларда каза болгондор менен катар үйлөр, мечиттер, китепканалардын өрттөлүп, шаарлардын соода, экономикалык, саламаттыкты сактоо жана билим берүүсүнүн жок кылууга аракет кылынгандыгын белгиледи. 

Президент Эрдогандын аппаттардан кийин шаарларды өнүктүрүү менен эле калбагандыгын баса белгилеген Сойлу : "Президентибиз Чыгыш жана Түштүк Чыгышта болгон бул адилетсиздиктерден кийин да ал жерде жашагандарды жалгыз калтырган жок. Аларды да көтөрдү. Мамлекеттин бар экендигин өлкөнүн эң четки жерлерине чейин жеткирүүгө аракет кылды",- деди. 

Сойлу террордон тазаланган аймактардан эми мунай чыгарылып, экономикага салымын кошкондугун айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар