Түркия Катар менен Бахрейндин чечимине ыраазы
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.
1974788

Түркия Катар менен Бахрейндин дипломатиялык карым-катнаштарын калыбына келтирүү чечимин кубаттады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Дос жана боордош өлкөлөр Катар менен Бахрейндин дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү чечимин кубаттайбыз. Өлкөбүз диалог жана кызматташтык аркылуу чөлкөмүбүздөгү көйгөйлөрдү чечүү аракеттерине колдоо көрсөтүүнү улантат»,-деп айтылды.