Түркиянын эффективдүү тышкы саясаты
Чавушоглу «Республиканын 100 жылдыгында Түркиянын тышкы байланыштары: Кылымдардын дипломатиялык тажрыйбасы» аттуу симпозиумдун ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин теңдешсиз эл аралык колдоо алганын айтып: «Бул тилектештик дипломатиясы биздин демилгелүү, гуманитардык, шыктандыруучу жана эффективдүү тышкы саясатыбыздын натыйжасы»,- деди.
Чавушоглу Түрк тарых коому жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан Стамбул университетинде уюштурулган «Республиканын 100 жылдыгында Түркиянын тышкы иштери: Кылымдардын дипломатиялык тажрыйбасы» аттуу симпозиумдун ачылыш сөзүн сүйлөдү.
Сөзүндө 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөргө токтолгон Чавушоглу: «Улуттук киреше жагынан дүйнөдөгү эң боорукер эл жана эң көп өнүгүүгө жардам берген 3 өлкөнүн бири катары теңдешсиз эл аралык колдоого күбө болдук. Бул тилектештик дипломатиясы биздин демилгелүү, гуманитардык, шыктандыруучу жана эффективдүү тышкы саясатыбыздын натыйжасы болуп эсептелет. Негизи биздин дипломатия – миңдеген жылдардан бери келе жаткан мамлекеттик салтты мезгилдин руху менен айкалыштырган көрөгөч мамиле болуп саналат»,-деди.
Тектеш кабарлар

Куртулмуш Саидов жана аны коштогон делегацияны кабыл алды
Куртулмуш, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын маанисин эске салды.