Чавушоглу израилдик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Месжид-и Аксанын алкагындагы акыркы абал талкууланды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу израилдик кесиптеши Эли Коэн менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Месжид-и Аксанын алкагындагы акыркы абал талкууланды.
Чавушоглу Израиль өкмөтүнүн Рамазан айынын аягына чейин мусулмандардан башка эч кимдин Месжид-и Аксага киришине уруксат бербөө чечимин чыңалууну азайтуу жагынан оң деп тапканын белгилеп, Месжид-и Аксада чагымчылдыктын кайталанбашы керектигин баса белгиледи.
Чавушоглу Түркиянын чыңалуунун басаңдашы үчүн бардык салымын кошо турганын айтты.
Эмне болду эле?
Израиль полициясынын эки күн катары менен Месжид-и Аксадагы мусулмандарга каршы үн бомбалары, желим капталган ок жана таяктар менен ченемсиз күч колдонуусу басып алынган Чыгыш Кудстагы чыңалууну күчөтүп, окуяларга алып келген.
Израилдин Месжид-и Аксага жасаган чабуулу менен аймакта 4-апрелде башталган чыңалуу 7-апрель жума күнү кечинде Израилдин Газа жана Ливанга жасаган кол салуулары менен күчөгөн. Буга жооп иретинде Газадан Израиль тарапка ракеталар атылган.
11-апрелде Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху фанатик жөөттөрдүн басып алынган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Аксага жүргүзгөн тинтүүлөрүн Рамазан айынын аягына чейин токтотууну чечти.