Президент Эрдоган "TCG Анадолу" кемесин көрүп чыкты

TCG Анадолу көп максаттуу амфибиялык чабуул кемесинин долбоору 6 жылдан кийин аяктады.

1973094
Президент Эрдоган "TCG Анадолу" кемесин көрүп чыкты
erdogan tcg anadolu gemisinde.jpg
erdogan tcg anadolu gemisinde.jpg
erdogan tcg anadolu gemisinde.jpg
erdogan tcg anadolu gemisi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар конуучу кемеси TCG Анадолу азем менен Деңиз күчтөрү командирлигине тапшырылгандан кийин кемеге барды.

Стамбул Тузладагы кемеде текшерүүлөрдү жүргүзгөн Эрдоган, палубада учуп-конуу тилкесинде күтүп турган учкучсуз улуттук согуштук учак Кизилелманы да көрүп чыкты.

Эрдоган Байкар технология лидери Селчук Байрактардан Кызылелманын кемеден биринчи учуусун качан ишке ашыраарын сурады.

Байрактар: «Кемеден учуу колдоосу уланууда. Буйруса конуу жана учуу 2025-жылы болот»,-деди.

Андан соң Эрдоган Жумхур биримдигинин өнөктөштөрү жана министрлер менен бирге Кызылелманын алдында эстеликке фотосүрөткө түштү.

Президент ошондой эле капитан бөлмөсүндө меймандар китебине да кол койду.

Эрдоган Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө болсо: «Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар конуучу кемеси TCG Анадолуну расмий түрдө пайдаланууга бердик. Бизди сыймыктандырган бул чоң ийгиликке салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем. Жолуңуз ачык болсун»,-деди.

Тузла Седеф кеме куруучу заводунда курулушу башталган TCG Анадолу көп максаттуу амфибиялык чабуул кемесинин долбоору 6 жылдан кийин аяктады.



Тектеш кабарлар