Министр Чавушоглу Анкаранын Кечиөрен районунда билдирүү жасады

Чавушоглу борбор шаар Анкаранын Кечиөрен районунда уюштурулган ифтар программасында жарандар жана жаштар менен жолугушту.

1972926
Министр Чавушоглу Анкаранын Кечиөрен районунда билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия катары Палестина доосун, Месжид-и Акса жана Кудсту коргоону ар дайымкыдай уланта тургандарын белгиледи.

Министр Чавушоглу борбор шаар Анкаранын Кечиөрен районунда уюштурулган ифтар программасында жарандар жана жаштар менен жолугушту.

Чавушоглу Израиль күчтөрүнүн Месжид-и Аксага жасаган кол салуусуна да көңүл буруп: «Рамазан айында израилдиктер Аль-Акса мечитине кирип, Харам-и Шарифтин ыйыктыгын тебелеген кадамдарга барышты жана албетте биз анын алдында унчукпай тура албадык. Палестина менен байланыштык, алар менен сүйлөштүк (Израиль) жана кол салууларды биротоло токтотууну талап кылдык. Ислам Кызматташтык Уюмун чогултуп, маанилүү чечимдерди кабыл алдык. Натыйжада Палестина дообузду, Месжид-и Аксаны жана Кудсту ар дайымкыдай коргоону улантабыз. Сезимталдыгыбыз эч качан өзгөрбөйт»,- деди.

Дүйнөнүн бардык жеринде көйгөйлөр жана кагылышуулар болуп жатканын белгилеген Чавушоглу, Түркиянын Африка, Азия жана Латын Америкадагы демилгелери менен дүйнөнүн ар тарабында желектерин желбиреткен, күчүн көрсөткөн жана дүйнөнүн ар тарабы менен карым-катнаштарын өнүктүргөн өлкө экенин билдирди.



Тектеш кабарлар