TCG Anadolu кемеси деңиз флотуна тапшырылууда

2019-жылдын май айында сууга түшүрүлгөн жана 2022-жылдын июнь айында деңиздеги сыноолору башталган TCG Анадолу көп максаттуу амфибиялык чабуул кемеси  президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан азем менен Деңиз күчтөрү командирлигине тапшырылууда.

1972663
TCG Anadolu кемеси деңиз флотуна тапшырылууда
tcg anadolu.jpg
TCG ANADOLU2.jpg
tcg anadolu1.jpg

Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (КУУA) конуучу кемеси жана Түркиянын эң чоң аскердик кемеси TCG Anadolu бүгүн деңиз флотуна кошулууда.

2019-жылдын май айында сууга түшүрүлгөн жана 2022-жылдын июнь айында деңиздеги сыноолору башталган TCG Анадолу көп максаттуу амфибиялык чабуул кемеси  президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан азем менен Деңиз күчтөрү командирлигине тапшырылууда.

Дүйнөдө мындай масштабдагы кемелери бар 12 мамлекет бар.

TCG Anadolu үстүнө конуп-уча тарган КУУАлар менен дүйнөдөгү «биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар конуучу кеме» болот. Бул үчүн да Байкар тарабынан канаттары бүктөлүүчү Байрактар TB3 КУУA иштелип жатат.

Кемедеги курал системалары, согушту башкаруу системасы, электрондук согуш системалары, инфракызыл издөө жана көзөмөлдөө системасы, электро-оптикалык издөө системасы, лазердик эскертүү системасы, торпедадан коргонуу системасы, радарлар, байланыш системалары, навигация системалары, маалымат таратуу системалары ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыкты.

Зарыл болгон учурда кеме табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн да колдонулушу мүмкүн. Толук жабдылган ооруканасы жана операциялык бөлмөсүнүн негизинде табигый кырсыктарга жардам, гуманитардык жардам жана качкындарды эвакуациялоо операцияларында медициналык колдоо көрсөтө алат.

Узундугу 231 метр жана туурасы 32 метр болгон TCG Anadolu кемесинин палубасына 10 тик учак же 11 КУУA жайгаштырса болот, ал эми ангарда 19 тик учак же 30 КУУA ташылышы мүмкүн. Кемеде 1223 кызматкер иштейт.

Толук жүк камтуусу 27 миң 436 тонна болгон кеме эң аз дегенде 20,5 узел ылдамдыкка ээ боло алат жана 16 узел экономикалык ылдамдыкта иштей алат.

Экономикалык ылдамдыгы жана толук жүк менен кеминде 9 миң деңиз миль крейсердик аралыгы менен TCG Anadolu кемесинин ичиндеги сууга жөндөмдүү бассейнге ар бири 1 танк ташыган 4 механикалаштырылган кеме кире алат.

Кеме жалпысынан 94 унааны, анын ичинде 13 танкты, 27 брондолгон амфибиялык чабуул унаасын (ZAHA), 6 БТРди, 33 ар кандай унааны жана 15 чиркегичти унаа палубасында көтөрө алат.



Тектеш кабарлар