Акар TCG Anadolu кемесин ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөдү
TCG Анадолу кемесин ишке киргизүү аземинде Акар кемени түрк инженериясынын, чеберчилигинин, ишкерлеринин, аскерлеринин, Түрк деңиз күчтөрүнүн жана өлкөнүн чоң жетишкендиги, намысы жана сыймыгы деп мүнөздөдү.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар TCG Anadolu түрк армиясынын кубаттуулугуна кубаттуулугу жана квалификациялуу өзгөчөлүктөрү менен күч кошо турганын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан TCG Анадолу кемесин ишке киргизүү аземинде Акар кемени түрк инженериясынын, чеберчилигинин, ишкерлеринин, аскерлеринин, Түрк деңиз күчтөрүнүн жана өлкөнүн чоң жетишкендиги, намысы жана сыймыгы деп мүнөздөдү.
Акар:«Жогорку технологиялык системалар менен жабдылган TCG Анадолу деңиз күчтөрүбүздүн флагманы, флотубуздун көз кареги болот, кубаттуулугу жана квалификациялуу өзгөчөлүктөрү менен даңктуу армиябызга жана флотубузга күч кошот. Байрактар TB-3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары жана брондолгон амфибиялык чабуул техникалары менен башкача жана жаңыча концепциясы бар TCG Анадолу, ата мекендик жана улуттук коргонуу өнөр жайыбыздын өндүрүштүк кубаттуулугу жана жөндөмдүүлүгү жеткен деңгээлди эң ачык көрсөтүп турат»,-деп айтты.
Хулуси Акар, мурда жөө аскер мылтыктары да чет өлкөдөн сатылып алынса, азыр жөө аскер мылтыктарын, бардык жеңил куралдарды, MLRA (Multi Barrel Rocket Launchers), «Фыртына» гаубицаларын, УУА/КУУA/ЧУУA, «Атак» тик учарларын, согуштук кемелерди, улуттук деңиз замбиректерин, акылдуу тактыктагы ок-дарыларды жана ракеталарды долбоорлоо, куруу, жасап чыгаруу жана камсыздап экспорттоо деңгээлине жеткендигин баса белгиледи.