Токиодо "100 Discoveries" деген темада сүрөт көргөзмө ачылды
Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгынан улам Япониянын борбор шаары Токиодо "100 Discoveries" (100 ачылыш) деген темада сүрөт көргөзмө ачылды.
Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгынан улам Япониянын борбор шаары Токиодо "100 Discoveries" (100 ачылыш) деген темада сүрөт көргөзмө ачылды.
Шибуя муниципалитетинин Овада маданий борборунда ачылган көргөзмөгө Түркиянын Токиодогу элчиси Коркут Гүнген, Шибуя шаарынын мэри Хасебе Кен, жетекчилер, журналисттер жана коноктор катышты.
Элчи Гүнген сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн Шибуя муниципалитетине ыраазычылык билдирди.
Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата ачылган көргөзмөнүн түрк-япон достугунун өнүгүшүнө салым кошо турганын айткан Гүнген бул көргөзмөнү жыл боюнча Япониянын 5 башка шаарында ар башка убакта уюштура тургандарын белгиледи.
Андан кийин элчи Гүнген конокторго «Сиз билбеген сүйкүмдүү Түркия» деген ураан менен ачылган көргөзмөдө Түркиянын тарыхый, диний, туристтик жана маданий мурастарын чагылдырган сүрөттөр тууралуу маалымат берди.
Элге ачык болгон "100 Discoveries" тематикалык көргөзмөсүн 11-апрелге чейин көрүүгө болот.
Тектеш кабарлар
Түркмөнстандын башкы штабынын башчысы Анкарада
Генерал Гүрак Түркмөнстандын башкы штабынын төрагасы Анеметовду аскердик азем менен тосуп алды.