Лавров расмий сапар менен Түркияга келет

Лавров менен Чавушоглунун Украина, Түштүк Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Кара деңиз аймагындагы абалды талкуулай турганы белгиленди.

1970618
Лавров расмий сапар менен Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 6-7-апрелде Түркияга расмий сапар менен келет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Лавровдун тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу менен эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги ар түрдүү темаларды сүйлөшүү үчүн Түркияга келе турганы белгиленди.

Билдирүүдө, Лавров менен Чавушоглунун Украина, Түштүк Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Кара деңиз аймагындагы абалды талкуулай турганы кабарланды. 

Орус тарап «жакшы ниеттин белгиси» катары 60 күнгө узарткан дан коридору келишиминин аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлөрү айтылган билдирүүдө: «Өзгөчө түрк өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен украин данын дүйнөлүк рынокко жеткирүү жагынан гана эмес, ошол эле учурда эл аралык экономикалык операторлордун орус айыл чарба продукцияларына жана жер семирткичтерине чектөө койбошу үчүн бул келишимдердин комплекстүү түрдө ишке ашырылышын камсыз кылууну көздөп жатабыз» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар