Март айында 80 террорист таасирсиз абалга келтирилди

Ички иштер министрлиги жалпы аткарылган коопсуздук иштеринин март айындагы расмий маалыматтарын берди.

1970440
Март айында 80 террорист таасирсиз абалга келтирилди

Март айында араларында 1 кызыл, 1 жашыл, 1 боз, 1 тизме тышындагы категорияда 4 жетекчи террорист болгон 80 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлиги жалпы аткарылган коопсуздук иштеринин март айындагы расмий маалыматтарын берди.

Ички иштер министрлигинин координациясында жүргүзүлгөн ички коопсуздук иштеринин алкагында март айында бирөөсү чоң, 36сы орто масштабдагы жалпы 9 миң 596 элет, 1206 шаар операциясы жүргүзүлдү.

Бул операцияларда 8зу өлүү, 62 тирүү, 9зу өзү багынуу менен 80 террорист таасирсиз абалга алып келинди.

18и тоо отрядында болгон террористтердин ичинен бири кызыл түстөгү, бирөө жашыл түстөгү, бирөө боз түстөгү, бирөө тизмеге кирбеген категориядагы жогорку мартабалуу террорист болгон 4 киши жок кылынды.

Аткарылган террордук операциялардын натыйжасында март айында 43 баш калкалоочу жер жардырылды. 7 террордук кыймылга тоскоол болгон операцияларда өзгөчө 59 курал, 34 мина, 41 граната, 257 килограмм жарылуучу зат жана 37 миң 780 к  - дары колго түшүрүлдү.

 



Тектеш кабарлар