Антальяга жакын жерде кеме чөктү

Анталия жээгинде коммерциялык кеменин чөгүшү менен  1 адам каза болуп, 8 адам дайынсыз болууда.

1970352
Антальяга жакын жерде кеме чөктү

Анталия жээгинде коммерциялык кеменин чөгүшү менен  1 адам каза болуп, 8 адам дайынсыз болууда.

Анталья губернатору Эрсин Языжы Кумлужа жээгинде чет элдик желектүү   «Джо 2» соода кемесинин чөкөндүгү тууралуу кабардын келиши менен  Жээк коопсуздук командирлигине караштуу издөө-куткаруу топторунун аймакка багыт алганын жарыялады.

Анталья губернатору Эрсин Языжы Сирия тектүү 14 экипаж блгон кемеде 2 кызматкердин Жээк коопсуздугунун тик учагы менен куткарылгандыгын жана Финике мамлекеттик ооруканасына алып барылгандыгын белгиледи. Издөө иштеринин уланып жатканын белгилеген Яжыжы : «Кеменин чөгүшүнүн натыйжасында 1 адам каза болду, 8 киши дайынсыз»,-деди. 

Гвинея Биссеу желектүү коммерциялык кеменин Искендерундан Украинанын Измаил портуна бара жатканы кабарланды.

Окуя боюнча иликтөө иштери баштатылды.

Чөккөн кемедегилердин Сирия тектүү  Мхмод Смеа, Ала Мансур, Бассем Арис, Азиз Хербек, Али Бешлави, Мустафа Хемдан, Жаафар Хайфа, Хасан Жасер, Набил Хасан, Абдулрахман Фавахржи, Эмад Жрад, Гадыр Шаабан, Бассим Тавил, Рамез Намрах экени аныкталды.

 



Тектеш кабарлар