Дөнмез: «Буюрса Рамазан айынын акыркы күнүндө Фильосто Кара деңиз газын кургактыкка чыгарабыз»
Дөнмез кечээ барган Искендерун портунда билдирүү жасап, бүтөйүн деп калган чоң долбоорлордун ачылышына даярдык көрүп жатышканын айтты.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез: «Буюрса Рамазан айынын акыркы күнүндө Фильосто Кара деңиз газын кургактыкка чыгарабыз. Буга даярданып жатабыз»,-деди.
Дөнмез кечээ барган Искендерун портунда билдирүү жасап, бүтөйүн деп калган чоң долбоорлордун ачылышына даярдык көрүп жатышканын айтты.
«Рамазан айынын акыркы күнүндө Фильосто Кара деңиз газын кургактыкка чыгарабыз. Ошондой эле 27-апрелде жаңы өзөктүк отунду Мерсиндеги Аккую атомдук станциясына алып келебиз. Эми ал өзөктүк объект болуп калат. Ага даярдыктарды көрүп жатабыз.
Сарос үчүн FSRU кемеси негизинен келди. Бирок жер титирөө жана башка күн тартибинин тыгыздыгынан улам ача албадык. Европадагы эң чоң күн электр станциясынын долбоорун да бүтүрдүк. Мүмкүн болушунча тез арада Конья Карапынарда ачабыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Мадуронун Президенттик комплекстен билдирүүлөрү...
Азем бою социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн Мадуро түрк жана чет элдик конокторго салам айтты.

Жаңы дайындалган министрлердин алгачкы билдирүүлөрү
Билдирүүлөрдүн орток жери Түркия кылымына басым жасоо болду.