Алтун: «Динибизге жана желегибизге карай жийиркеничтүү кол салуунун кайталанышын катуу айыптайм»

Алтун социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшүүсүндө Данияда Куран жана Түркия желегине багытталган кол салууну айыптады.

1968437
Алтун: «Динибизге жана желегибизге карай жийиркеничтүү кол салуунун кайталанышын катуу айыптайм»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Данияда Куран жана Түркия желегине багытталган кол салууну айыптады.

Алтун социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшүүсүндө, «Динибизге жана желегибизге карай жийиркеничтүү кол салуунун кайталанышын катуу айыптайм. Дания бийлиги бул исламофобиялык, ксенофобиялык жана расисттик аракеттерди сөз эркиндигинин алкагында карай албайт. Бул таптакыр кабыл алынгыс жана коркунучтуу абал»,деген сөздөргө орун берди.

Тилекке каршы Европанын бардык жеринде мындай окуяларды көнүмүшкө айланткандарын белгилеген Алтун: «Бул бизди терс өңүттө көрсөтүү үчүн түздөн-түз түрдө мусулмандардан жана түрк калкынан катуу реакция алуу үчүн жасалган провокациялар. Биз бул оюнга алданбайбыз, бирок аны да көз жаздымда калтырбайбыз»,-деп өз баасын берди.

Европада өтө көп саясатчы жана коомдук ишмердин бул жек көрүү аракеттерин кабыл алганын же көрмөксөнгө салганын белгилеген Алтун: «Акыл-эстүү адамдар бул көйгөй күчөп баратканын жана ага олуттуу мамиле кылуу керектигин түшүнүшү керек», - деди.

Жек көрүү менен күрөшүү үчүн колдон келген аракетин кыла тургандарын белгилеген Алтун:«Биз европалык бийликтерди муну менен олуттуу күрөшүү үчүн комплекстүү план иштеп чыгууга чакырабыз. Мусулман коомдорун өздөрүн коопсуз жана корголгон сезүүсү үчүн биз жардам берүүгө жана кызматташууга даярбыз.

Бул коркок адамдардын террордук актыларын дагы бир жолу айыптайм. Ошол эле учурда мен Даниянын бийликтерин бул карасанатай провокаторлорду жоопко тартууга чакырам. Даниянын бийликтери кеч боло электе болочок окуялардын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар