Акар: "3 айда 340 террорист жок кылынды"

Министр Акар Хатайда террор менен күрөшүүгө байланыштуу билдирүү жасады.

1968583
Акар: "3 айда 340 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар акыркы 3 айда 340 террористтин жок кылынганын айтты.

Министр Акар, 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн эң көп зыян тарткан облустардын бири Хатайда террор менен күрөшүүгө байланыштуу билдирүү жасады.

"Терроризмге каршы күрөш барган сайын күчтүү, ылдам, өжөрлүк жана чечкиндүүлүк менен уланууда. 40 жылдан бери элибизди азапка салган бул балээден улутубузду сактап калууга чечкиндүүбүз жана буга кудуреттүүбүз.

Түрк аскерлери акыркы 3 айда 340 террористти жок кылды. Артында ким турганына, курал-жарак, тик учак, ок-дары же акча бергенине карабастан террористтерди таасирсиз кылууну улантабыз. Террорист кайда болсо бутабыз ошол жер", - деп айтты.



Тектеш кабарлар