Түркия Даниядагы кол салууга уруксаттын берилишин наалаттады
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Түркия Даниядагы Куран Каримге жана түрк желегине каршы жасалган жек көрүү кылмышынын дагы бир жолу кайталанышына уруксаттын берилишин катуу түрдө наалаттады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Данияда 24-мартта ыйык китебибиз Курани Каримге жана даңктуу желегибизге каршы жасалган жек көрүү кылмышынын бүгүн Рамазан айында дагы жасалышына уруксат берилгенин катуу айыптайбыз»,-деп айтылды.
"Бул жийиркеничтүү аракетке сөз эркиндиги деген ат менен жол берилишин эч качан кабыл албагандыгыбызды жана бул мамилени эч качан актоого мүмкүн эмес экендигин баса белгилейбиз»,- деп айтылган билдирүүдө бул жаңылыштыктагы туруктуу жүрүм - турум да белгиленди.
Билдирүүдө мындай көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча укуктук жана административдик чаралардын жетишсиздиги, саясий эрктин жоктугу, ошондой эле күнөөлүүлөрдүн жазаланбай калышы жаңы чагымчылдыкка үндөгөндүгү баса белгиленип : «Бул кыймыл Европада исламга каршылыкты, чет элдик душмандык, бөлүүчүлүк жана расизмдин абдан күчөгөндүгүнүн ачык далили. Мындай жек көрүүчүлүк кылмыштары толеранттуулукка, тынчтыкта жанаша жашоо маданиятына жана демократиялык баалуулуктарга ишенген ар бир адамга кол салуу болуп саналат. Муну көрбөстүк, бул кыймылдарды көрбөстүккө салуу наадандык болот.
Бул кол салууну күчтүү түрдө айыптаганыбыздыминистрлигибизгечакырган Даниянын элчисине билдирдик. Дания мекемелерин, бул кылмыштын аткаруучулары тууралуу керектүү чараларды өрүүгө жана мындай провокациялардын кайталанышынын жолун тосуу максатында зарыл чараларды көрүүгө дагы ир жолу күчтүү түрдө чакырабыз»,- деп айтылды.
Данияда кечээ түштөн кийин Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында түрк желеги жана Куран Каримге кол салуу болду.
Тектеш кабарлар

Амасияда жана Германияда Солинген курмандыктары эскерилди
1993-жылы 29-майда Германиянын Солинген шаарында Генч үй-бүлөсүнүн үйлөрү өрттөлгөн.