Министр Хулуси Акар Даниядагы кол салууну айыптады
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Даниядагы Куран -Карим жана түрк желегине жасалган кол салуунун демократиялык баалуулуктар менен оптимисттик жана тынчтык ичинде жанаша жашоо маданиятын жок кылгандыгын белгиледи.
1968373

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Даниядагы Куран Карим жана түрк желегине жасалган кол салуу тууралуу акыркы мезгилдерде Европада күч алган мындай душмандык, варвардык аң - сезим жана кыймылдар демократиялык баалуулуктар менен оптимисттик жана тынчтык ичинде жанаша жашоо маданиятын жок кылгандыгын белгиледи.
Акар кечээ Хатайда жасаган билдирүүсүндө буларды айтты : "Текебер жана ыплас кол салууну жасаган, адамдыктан чыккан, кек жана жек керүү менен кутурган макулуктарды катуу айыптайбыз. Бул аракеттерге үнсүз калуу менен көрбөстүккө салган, жазасыз калтырып буларды кылмыш кылууга түрткөндөрдү да кылмыш өнөктөштөрү катары жарыялап жана айыптайбыз",- деди.