Килис жана башка жер титирөөдөн жабыркаган шаарларда 650 миң турак жай курулат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Килис менен жер титирөөдөн жабыркаган 11 шаарда 650 миң үй кура тургандарын айтты.

1968376
Килис жана башка жер титирөөдөн жабыркаган шаарларда 650 миң турак жай курулат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Килис менен жер титирөөдөн жабыркаган 11 шаарда 650 миң үй кура тургандарын айтты.

Эрдоган кечээ Килисте жасаган билдирүүсүндө 1643 апаат үйүн жана 2 миң 628 айыл үйүн кура тургандарын эске салып : "Шаарыбызда курула турган турак жайлардын жалпы саны 4271ге жетти. Бүгүнкү күндө 649 үйдүн пайдубалын түптөп, 486 айыл үйүнө тендер өткөрдүк. Ушундайча  апаат болгон аймакта жалпысынан 67 миң 50 турак жайдын жана айыл үйүнүн курулуш иштери жүрүп жатат",- деди. 

Күн сайын жана саат сайын урандылар тазаланып, курулушту баштаган сайын жаңы үмүттүн жаралгандыгын айткан Эрдоган : "Ишибизди шаарлардын демографиясын, социологиясын, тарыхын, өнөрүн, маданиятын, өнөр жайын, архитектуралык түзүлүшүн коргой турган түшүнүк менен жүргүзүп жатабыз. Өзгөчө да бул процессте горизонталдык архитектуралык принцибибизден эч качан баш тартпайбыз. Турак жайларыбыз сөзсүз түрдө 3-4 кабаттан ашпайт»,-деди

 



Тектеш кабарлар