ТРТ Африка : Түркиянын коомдук телеканалынын Африка каналы эфирге чыга баштады
Түркиянын мамлекеттик телеберүү мекемеси ТРТ Африка континентиндеги окуяларды глобалдык көрүүчү аудиториясына төрт тилде (суахили, англис, хауса жана француз) жеткирүү максатында жаңы санариптик маалымат платформасы болгон ТРТ Африканы ишке киргизди.

ТРТ Африка : Түркиянын коомдук телеканалынын Африка каналы эфирге чыга баштады
ТРТнын жаңы санариптик каналы «Африка кандай болсо ошол бойдон» таанытып, көрүүчүлөрүнө Африка тууралуу альтернатив бир көз карашты ортого салат. Канал өзгөчө Африка материги үчүн маанилүү глобалдык окуяларды бай жана заманбап форматта, салмактуу маалымат менен көрсөтөт.
Түркиянын мамлекеттик телеберүү мекемеси ТРТ Африка континентиндеги окуяларды глобалдык көрүүчү аудиториясына төрт тилде (суахили, англис, хауса жана француз) жеткирүү максатында жаңы санариптик маалымат платформасы болгон ТРТ Африканы ишке киргизди.
Канал ТРТ менен Африка телеберүү биримдигинин Стамбулда өткөргөн «Биринчи берүү саммитинин» экинчи күнү болгон жума күнү түз эфирин баштады. Үч күнгө пландалган саммит 30 - мартта башталды.
ТРТнын тарапсыз жана камтуучу журналистика максаттары менен шайкеш, көрүүчүлөрүнө Африкага байланыштуу альтерантив көз карашты сунуштай турган ТРТ Африкада континент үчүн маанилүү глобалдык окуялар, тең салмактуу маалыматтар, бай жана актуалдуу баяныдары менен көрүүчүлөрдүн алдына чыгат.
Канал өзгөчө диаспорадагы Африка жана африкалыктардын окуяларын бөлүшүп, алардын негизги баалуулуктарын уникалдуу түрдө аралаштырып, дүйнөдөгү окуялардын чордонуна жайгаштырат.
Континенттеги 15 башка өлкөдөн кызматкерлери бар ТРТ Африканын санариптик максаты африкалык көрүүчүлөр үчүн маанилүү окуяларга орун берүү, социалдык медианын жардамы менен дүйнөдө болуп жаткан окуяларга жакындан кызыккан жаштар үчүн жогорку сапаттуу маалыматтарды чыгаруу жана континенттеги ишенимдүү маалымат булагы болуу.
Канал Африка жана дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөргө уникалдуу санариптик мазмун, эксклюзивдүү окуялар, жергиликтүү Африкалы маселелери боюнча изилдөө жана даректүү тасмаларды даярдоону, дүйнөлүк масштабдагы Африка диаспорасынын континент тууралуу маалымат муктаждыктарын канааттандырууну көздөйт.
ТРТ Африка Гамбиядан Мароккого, Нигериядан Камерунга чейин ондогон Африка өлкөсүндө иш алып барат. Каналдын бул берүү максаты Түркиянын Африкага көптөн берки колдоосун дагы бир жолу тастыктап, Африканын үнүнүн бүткүл дүйнөгө угулушу үчүн платформа түзөт.
Берүүлөрүн жаңы баштай турган ТРТ Африка ,ТРТ World, TRT Arabic, TRT Russian, TRT Deutsch, TRT Français жана TRT Balkan каналдарынан турган ТРТ үй-бүлөсүнүн эң жаңы мүчөсү болду. Бул платформалардын баары эл аралык аудиторияга жекече жана жамааттык түрдө ар кандай үн жана көз караштарды сунуштайт.
ТРТ Африка саммити
Жума күнү боло турган ТРТ Африканын ачылышында президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана Африка телеберүү биримдигинин улук менеджери Грегуар Нджака сөз сүйлөдү.
Саммиттин биринчи күнү - бейшемби күнү Африка телеберүү биримдигинин өкүлдөрү "Туруктуу келечекке карай: Коомдук телеберүү кызматын кайра түзүү" деген теманын алдында чогулушту.
Ошондой эле Африканын 16 өлкөсүнөн келген 23 журналистке “Пандемия процессинде маалымат каражаттарынын өзгөрүшү”, “Технологиянын журналистиканын өзгөрүшүнө кошкон салымы”, “Батыштын этноцентрдик мамилесине каршы колдонула турган куралдар” сыяктуу темалар боюнча тренинг өткөрүлдү.
Жума күнү түштөн кийин өткөрүлгөн сесияларда «Коомдук кызмат медиа күзгүсүндө Африка - Түркия карым – катнаштары : жалпы көз караш жана келечектеги кыйынчылыктары», "Өнүгүп келе жаткан технологиялар жана жаңы медиа доорунда Коомдук телерадиоберүү кызматынын келечеги: Африка жана Түркиянын мамлекеттик медиасы санариптик доордо кантип заманбап бойдон кала алат?" жана "Глобалдык жаңылыктардын линияларынын өзгөргөн жүзү: адилеттүү дүйнө үчүн жалпы көз караш менен Африка окуяларды баяндоо» темалары талкууланат.
Саммит : «Африка окуяларын жаңы көз караш менен баяндоо» деген темадагы паннелдер менен улантылат.