Президенттикке талапкерлердин тизмеси Расмий гезитте жарыяланды

Алфавит тартибине ылайык Кемал Кылычдароглу, Мухаррем Инже, Режеп Таййип Эрдоган жана Синан Оган талапкер болуу укугуна ээ болушту.

1968097
Президенттикке талапкерлердин тизмеси Расмий гезитте жарыяланды

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын президентикке талапкерлер туурапуу чечими Расмий гезитте жарыяланды.

Алфавит тартибине ылайык Кемал Кылычдароглу, Мухаррем Инже, Режеп Таййип Эрдоган жана Синан Оган талапкер болуу укугуна ээ болушту.

Чечимде 28 - мартта Расмий гезитте жарыяланган президенттик шайлоонун убактылуу талапкерлер тизмесине карата билдирилген нааразычылыктар каралып, четке кагылгандыгы   белгиленди.

Президентти жана 28-мөөнөттөгү парламенттик шайлоо 2023-жылдын 14-майы жекшемби күнү өткөрүлөт.

Президенттик шайлоо экинчи турга кала турган болсо  28-майы жекшемби күнү өткөрүлөт.

Президенттикке талапкерлердин шайлануу үчүн жарактуу добуштардын абсолюттук көпчүлүгүн (кеминде 50 пайыз + 1 добуш) алышы керек.

 

 



Тектеш кабарлар