Мустафа Варанк дүйшөмбү күнү биринчи Тоггдун Эрдоганга тапшырыларын билдирди
Варанк борбор шаар Анкарада Түркиянын ата мекендик унаасы Тоггдун тапшырылышына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
1968179

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк дүйшөмбү күнү президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоганга биринчи Тоггду тапшыра тургандарын жарыялады.
Варанк борбор шаар Анкарада Түркиянын ата мекендик унаасы Тоггдун тапшырылышына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Буюрса дүйшөмбү күнү Эмине айым менен бирдикте биринчи буюртманы берген президентибизге унаасын тапшырабыз",- деген Варанк Азербайжандын президенти Илхам Алиевден да жолугушуу күнүн алгандарын жана экинчи буюртманын Алиевге тапшырыларын айтты.
Варанк мындан кийин компаниянын пландоосу боюнча башка унааларды тапшыра баштай тургандарын белгиледи.