Дан коридору аркылуу 25 миллион тонна дан ташылды
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, 19-марттан бери 31 кеме менен дан коридорунан 1 миллион 215 миң 354 тонна дан ташылды.
1968154

Дан коридору аркылуу жалпы ташылган дандын көлөмү 25 миллион тоннадан ашты.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, 19-марттан бери 31 кеме менен дан коридорунан 1 миллион 215 миң 354 тонна дан ташылды.
Ушундайча Түркиянын 2022-жылдын 24-февралында башталган Россия - Украина согушунан улам азык-түлүк кризиси коркунучун жоюу аракети менен июль айында түзүлгөн дан коридорунан өткөн эгиндин көлөмү 25 миллион тоннадан ашты.
Учурда уланып жаткан дан өткөрүнүн алкагында Украина портторунан чыккан кемелердин саны кечээки күнгө карата 851ге жетти.
Коридор аркылуу өткөн эгиндин 40 пайызы Европага, 30 пайызы Азияга, 13 пайызы Түркияга, 12 пайызы Африкага жана 5 пайызы Жакынкы Чыгышка ташылды.