Эмине Эрдоган Гафарова менен жолугушту
Эмине Эрдогандын Гафарова менен Түрк үйүндөгү жолугушуусуна тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) 30-март Эл аралык таштандысыз күнүнө арналган атайын сессияга катышуу үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында Азербайжандын Улуттук Парламентинин төрайымы Сахибе Гафарова менен жолугушту.
Эмине Эрдогандын Гафарова менен Түрк үйүндөгү жолугушуусуна тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты.
Жолугушууга байланыштуу Твиттер баракчасынан билдирүү бөлүшкөн Эмине Эрдоган: «Нөл калдык боюнча тажрыйбаларыбызды бөлүштүк. Экологиялык көйгөйлөрдүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жоопкерчилиги экени темасында жана климаттык кризис менен биргелешип күрөшүүдө бирдей пикирдебиз»,-деди.
БУУнун Башкы ассамблеясы 2022-жылдын 14-декабрында Түркия негизги сунуштоочу жана 105 өлкө орток сунуштоочу болгон «нөл калдык» резолюциясын кабыл алган.
Башкы ассамблеянын бул чечими менен 30-март “Эл аралык тантандысыз күнү” деп жарыяланган.
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.