Венгриянын президенти Каталин Новак Түркияда
Новак, делегациясы менен Аныткабирдеги Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп, Аныткабирдин атайын китебине кол койду. Андан соң Президенттик комплеске өттү.



Венгриянын президенти Каталин Новак Түркияда.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен борбор шаар Анкарага келген Новак, делегациясы менен Аныткабирдеги Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай туруп таазим кылды.
Аныткабир атайын дептерине кол койгон Новак, Аныткабир сапарынан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алынды.
Президент Эрдоган менен Новак тосуп алуу аземинен кийин эки тараптуу жолугушууга өтүштү.
Жолугушууларда Түркия-Венгрия карым-катнаштары түрдүү өңүттө каралып, кызматташтыкты жакшыртуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.
Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары, актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Венгриянын президенти Каталин Новак Аныткабирдин атайын китебине төмөндөгүлөрдү жазды:«Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн элесинин алдында чын жүрөктөн кайгырганымды жана терең урматтоомду билдирем.
Ататүрктүн мамлекет куруу ишмердиги бүт венгер жана түрк элдери үчүн үлгү. Эгерде анын венгер-түрк мамилелерин жакшыртууга болгон аракети болбогондо, биздин элдерибиздин ортосундагы бир туугандык жана союздук байланыштар бүгүнкү күндө мынчалык бекем болбос эле.
Венгрия менен Түркия Республикасынын ортосунда биринчи эл аралык келишимге кол коюунун 100 жылдыгына жакындап жатканыбызда, алдыда биринчи кылымдагыдай эң аз дегенде 100 ийгиликтүү жыл бар деп ойлойм».