Түрк коргоо өнөр жайындагы ийгиликтер чет элдик басма сөздө

Америкалык CNBC телеканалы түрк коргоо өнөр жайынын өнүгүүсү тууралуу маанилүү макала жазды.

1966433
Түрк коргоо өнөр жайындагы ийгиликтер чет элдик басма сөздө

Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтер чет элдик басма сөздө орун алууну улантууда.

Америкалык CNBC телеканалы түрк коргоо өнөр жайынын өнүгүүсү тууралуу маанилүү макала жазды.

Макаланын темасы «Куралдуу учкучсуз аппараттар жана миллиард долларлык келишимдер: Түркиянын тездик менен өсүп жаткан коргоо өнөр жайы глобалдык таасирин арттырууда» деп аталды.

Түрк коргоо өнөр жайында экспорттун тынымсыз өсүп жатканы баса белгиленген макалада: «Түркия 2022-жылы 4 миллиард 400 миллион долларлык коргонуу экспортун жасады. Бул кээ бир Европа өлкөлөрүнүн жылдык коргонуу бюджетинен көбүрөөк. Аталган көрсөткүчтүн 2023-жылы 6 миллиард долларга жетери күтүлүүдө»,-деп айтылды.

2022-жылдын 24-февралында башталган Украина-Орусия согушунан улам НАТО өлкөлөрүнүн запастарынын кыйла азайганы билдирилди.

CNBCнин макаласында «Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынын алдыдагы жылдар үчүн НАТО өлкөлөрүнүн инвентаризациясын толуктоо үчүн буюртмаларга толгону» белгиленди.

Түркиянын учкучсуз аппараттар ​​менен бирге тышкы саясатта да  өзгөчөлөнгөндүгү жазыган макалада, Байрактар ​​ТБ2нин Украинага каршы согуштагы таасирдүү ролуна басым жасалды.

«Акыркы бир нече жылда түрк коргоо өнөр жай ишканалары тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдердин саны, тездик менен өсүп жаткан суроо-талапты жана илимий-изилдөө тармагындагы инвестицияны көрсөтүүдө, Түркиянын тышкы саясатына да салым кошууда»,-деп жазылды макалада.



Тектеш кабарлар