OECDнин Стамбул борборунун расмий ачылышы болду
Соода министри Мехмет Муш борбордун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө OECDнин Стамбул борборунун ачылуусу Түркия менен OECDнин ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын маанилүү натыйжасы экенин айтты.

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) Стамбул борборунун расмий ачылышы болду.
Соода министри Мехмет Муш борбордун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө OECDнин Стамбул борборунун ачылуусу Түркия менен OECDнин ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын маанилүү натыйжасы экенин айтты.
OECD кенен аймактарга жетүү үчүн Стамбулду аймактык борбор катары тандаганын белгилеген Муш, маанилүү аймактык форум катары чыга баштаган OECDнин Стамбул борборунун ишинин OECD, Түркия жана аймактын ортосундагы байланыштарды дагы да бекемдей турганын баса белгиледи.
Муш борбордун айрыкча Балкан, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Евразиядагы OECDге мүчө эмес өлкөлөр да болгон кеңири аймактын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын да белгиледи.
Министр Муш: «OECDнин Стамбулдагы борбору климаттын өзгөрүшү, бизнес чөйрөсү, байланыш жана инфраструктура сыяктуу артыкчылыктуу саясат чөйрөлөрү менен аймактагы туруктуу жана инклюзивдик өнүгүүнү илгерилетүүгө жардам берүү үчүн абдан маанилүү»,-деп айтты.
Министр Муш Түркиянын бардык мекемелери менен борбордун ишин колдоого жана салым кошууга даяр экенин билдирди.
OECDнин баш катчысы Матиас Корманн да Түркиянын 3,5 миллиондон ашуун сириялык баш калкалоочуну кабыл алуу сыяктуу гуманитардык кризистер менен күрөшүүдө чоң марттык көрсөткөнүн айтты.
Түркиянын жакында жаңыланган Дан коридору келишимине кошкон салымдарына көңүл бурган Корманн, эки континенттин ортосундагы көпүрө катары Европа, Азия жана Африканы бириктирген Стамбулдун глобалдык кызматташтык жана диалогго салым кошуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаганын айтты.
Матиас Корманн, OECDнин Стамбулдагы башкы кеңсесинин уюшулгандан бери бир жылдан аз убакыттын ичинде уюмдун социалдык жардам иш-чараларына олуттуу салым кошконун жана 8 чоң иш-чараны өткөрүп, дүйнөнүн төрт бурчунан катышуучуларды кабыл алганын түшүндүрдү.
Тектеш кабарлар

Түркиядагы китепканалардын саны 49 миң 537
Түркиянын статистикалык мекемеси (TUIK) 2022-жылга карата «китепкана көрсөткүчтөрүн» жарыялады.