Мустафа Шентоп менен Өмер Челик Францияга каршылык көрсөтүштү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн Франция Сенатында кабыл алынышына жана террористтерге медалдардын берилишине каршылык көрсөттү.

1966369
Мустафа Шентоп менен Өмер Челик Францияга каршылык көрсөтүштү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн Франция Сенатында кабыл алынышына жана террористтерге медалдардын берилишине каршылык көрсөттү.

Мустафа Шентоп соцтармактан жарыялаган билдирүүсүндө Түркиянын улуттук коопсуздугун коркунучка салган жикчил террордук уюмдун мүчөлөрүнүн Франциянын сенатында кабыл алынышы абдан маанилүү болуу менен бирге таң калтыруучу эмес экендигин белгиледи.

Франциянын мындан мурда да террордук уюм ДЕАШ башта болгон террордук уюмдар менен ачык же тымызын түрдө карым  - катнаштарда болгондугу белгилүү экендигин эске салган Шентоп : «Парламенттин спикери катары бир өлкөнүн парламентинин террордук уюмдун мүчөлөрүн кабыл алышы, ал мекеменин кадыр  - баркын түшүрөрүн айткым келет.  Террордук уюм ПККнын Сириядагы уландылары менен ачыкча тарап жактагандарын бүткүл дүйнөгө көрсөткөн Франциядан мыйзамга, адамзатка жана заманбап коопсуз бир мамлекет болуунун негиздерине ылайык аракет кылуусун күтүп жатабыз»,- деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик да социалдык медиа эсебинде террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн Франция сенатында кабыл алынышы  Франция үчүн уялтуучу экендигин билдирди.

«Бул ошол эле учурда түрк  - француз достугун бутага алган провокациялык кыймыл. Бул абалды катуу айыптайбыз»,- деди.

Улуттук Коргоо министрлиги да жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн Франциянын Сенатында кабыл алынышына каршылык көрсөттү.

Улуттук Коргоо министрлигинен берилген билдирүүдө :  "НАТО мүчөсү Франциянын парламентинде кандуу ПКК/ЙПГ террордук уюмунун өкүлдөрүн кабыл алуу парламенттин кадыр-баркына шек келтирди. Бул кадам союздаштык рухуна каршы жана НАТОнун терроризмге каршы күрөшүн да текке кетирди. Түрк куралдуу күчтөрү бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүн үзгүлтүксүз улантууда",- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар