Боз категорияда изделген террорист кармалды
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да, Элбактын кармалышына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан жандармерия кызматкерлерин куттуктады.
1965928

Террордон изделгендер тизмесинде Боз категориядагы жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү «Харун Элбак» каймана аттуу Селим Адыяман Шырнакта кармалды.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Шырнактын Идил районунда чет өлкөгө качууга аракет кылган террорист, «Эрен блокада күз кыш-26 шейит жандармерия адиси сержант Ислам Чубук» операциясынын алкагында Облустук жандармерия командирлигинин элементтери тарабынан тирүү кармалды.
Анын Террордон изделгендер тизмесинде боз категорияда орун алган «Харун Элбак» каймана аттуу Селим Адыяман экени аныкталды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да, Элбактын кармалышына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан жандармерия кызматкерлерин куттуктады.