Акар Даниядагы кол салууну айыптады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Хатайдагы чек ара бекетинде күн тартибине байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

1965609
Акар Даниядагы кол салууну айыптады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Данияда Курани Карим жана Түркия желегине болгон кол салууну айыптады.

Хулуси Акар Хатайдагы чек ара бекетинде күн тартибине байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

Даниядагы Түркия элчилигинин алдында Куран жана Түркия желегине багытталган кол салууга токтолгон Акар:«Биз аларды катуу айыптайбыз жана наалат айтабыз. Муну кандайдыр бир түрдө сөз эркиндиги менен түшүндүрүүгө болбойт. Булар сөз эркиндиги деп аталган нерсенин атынан жасалып жатат дегендер чындап жаңылышат»,-деди.

Акар мындай провокацияларга макулдук берүү жана аларга жол берүү адамзатка каршы жана жек көрүүчүлүк кылмыштарга шерик болуу экенин баса белгиледи.

Улуттук коргоо министри:«Биздин НАТО союздашыбыз болгон же талапкер болгондордун бул маселелерге кылдат мамиле жасоолорун, бул иш-аракетти жасаган жандыктарга тез арада чара көрүшү жана цивилизациялуу өлкөлөр көргөн чараларды көрүшү керектигин дагы бир жолу эскертип кетким келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар