ЖШК талапкерлик арыздарын кабыл алууда

Жогорку шайлоо кеңеши (ЖШК) президент Режеп Таййип Эрдоган жана Кемал Кылычдароглунун арыздарынын документтеринде кемчиликтер жок экендигин жана талапкерликке арыздары кабыл алынгандыгын жарыялады.

1965148
ЖШК талапкерлик арыздарын кабыл алууда

Президенттикке Элдик альянстын (Cumhur) талапкери президент Режеп Таййип Эрдоган менен Улуттук альянстын (Millet) президенттикке талапкери Кемал Кылычдароглунун талапкерлик арыздары кабыл алынды.

Жогорку шайлоо кеңешинин (ЖШК) билдирүүсүнө караганда, Президенттик шайлоо жана 28-Чакырылыштын эл өкүлдөрүн шайлоолордо ишке ашырыла турган шайлоо календарына ылайык; 2023-жылдын 19-марты жекшемби күнү башталып 2023-жылдын 23-марты, бейшемби күнү саат 17:00гө чейин саясий партиялардын Жогорку шайлоо кеңешине берген арыздары иликтенгени билдирилди.

Жасалган иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия) менен Улутчул кыймыл партиясы (MHP) топторунан көрсөтүлгөн президент Режеп Таййип Эрдоган жана Республикалык элдик партиясы (CHP) менен IYI партиялык топтору тарабынан көрсөтүлгөн CHP төрагасы Кемал Кылычдароглунун арыздарынын документтеринде кемчиликтер жок экендиги жана талапкерликке арыздары кабыл алынгандыгы жарыяланды.



Тектеш кабарлар