Түркия Данияга каршылык көрсөттү

Шентоп Данияда Курани Карим жана Түркия желегине болгон кол салууга байланыштуу Twitter баракчасынан билдирүү жасады.

1965082
Түркия Данияга каршылык көрсөттү
MSB.jpg
fuat oktay.jpg
mustafa sentop.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Данияда мурунку күнү Курани Карим жана Түркия желегине болгон кол салууну айыптады.

Шентоп Данияда Курани Карим жана Түркия желегине болгон кол салууга байланыштуу Twitter баракчасынан билдирүү жасады.

Шентоп кол салууну айыптап: «Даниядагы элчилигибиздин алдында ыйык китебибиз Курани Каримге жана даңазалуу желегибизге болгон ыпылас кол салууну жана бул кабыл алынгыс кыймыл-аракеттерге уруксат берүүнү эң катуу айыптайм. Ислам жана мусулмандардын негизги баалуулуктарына кол салуу менен ачыктан-ачык согуш баштагандарга карата сот ишин козгоо үчүн Эл аралык сот мекемелерин, өзгөчө Дания бийлигин кызматка чакырабыз»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай да социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Данияда Куран жана Түркия желегине болгон кол салууну айыптап, бул аракеттерге уруксат берген Дания бийлигин айыптады.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө, «Данияда ыйык китебибиз Курани Карим менен даңктуу желегибизди бутага алган ыпылас, жапайы жана жийиркеничтүү кол салууну улутубуздун жана адамзаттын атынан айыптайбыз»,деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар