Түркия быйылкы жылдын алгачкы 2 айында 4 миллионго жакын чет элдик туристти кабыл алды
Маданият жана туризм министрлиги 2023-жылдын алгачкы 2 айынын туризм маалыматтарын жарыялады.

Түркия быйылкы жылдын алгачкы 2 айында 4 миллионго жакын чет элдик туристти кабыл алды.
Маданият жана туризм министрлиги 2023-жылдын алгачкы 2 айынын туризм маалыматтарын жарыялады.
Буга ылайык, аталган мезгилде Түркия 3 миллион 876 миң 381 чет элдик саякатчыны кабыл алса, эки айлык мөөнөттө туристтердин өсүү көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 37,31 пайызды түздү.
Орусия январь жана февраль айларында 105,99 пайыздык өсүү менен Түркияга эң көп эс алуучу жөнөткөн өлкө болду.
Экинчи орунду 33,19 пайыздык өсүү менен Болгария, үчүнчү орунду 24,6 пайыздык өсүү менен Германия алды. Иран жана Грузия да эң көп эс алуучу жөнөткөн өлкөлөрдүн катарына кирди.
Алгачкы эки айда Орусиядан 507 миң 513, Болгариядан 318 миң 11 жана Германиядан 288 миң 124 киши келди.
Февраль айында Түркияга өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 21,35 пайыздык өсүү менен 1 миллион 870 миң 414 чет элдик турист келди.
Февраль айында Орусиядан 227 миң 965, Болгариядан 150 миң 873 жана Германиядан 148 миң 169 киши Түркияга кирди.
Февраль айында Түркияга эң көп эс алуучу жиберген өлкөлөрдүн рейтингинде Орусия 103 пайыздык өсүү менен биринчи, Болгария 17,14 пайыздык өсүү менен экинчи, Германия 15,16 пайыздык өсүү менен үчүнчү орунду алды.
Германиядан кийин Иран жана Грузия турат.
Тектеш кабарлар

Амасияда жана Германияда Солинген курмандыктары эскерилди
1993-жылы 29-майда Германиянын Солинген шаарында Генч үй-бүлөсүнүн үйлөрү өрттөлгөн.